www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандын президенти Ашраф Ганинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Хамдулла Мухиб өкмөттүн Стамбул жана Москвада боло турган тынчтык жыйындарына катышарын жарыялады. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.

Баш калаа Кабулдагы маалымат жыйынында Мухиб, өкмөттүн Стамбул жана Москва жыйынына катышууга даярданып жаткандыгын билдирди.

Мухиб, Ооганстан өкмөтүн өкүлдүк кылган бул эки жыйынга канча киши катышаары азырынча белгисиз экендигин жана Ооганстан Улуттук жогорку элдешүү кеңеши менен Тышкы иштер министрлиги бул маселе боюнча өз иштерин улантып жаткандыгын билдирди.

Мухиб, тынчтык бир гана Талибан менен жыйынтык бербей тургандыгын жана тынчтык жараяны Ооганстан согушуна катышкан өлкөлөр менен талкууланышы керектигин баса белгиледи. Ооганстанда тынчтыкты камсыз кылуу максатында, орус өкмөтү 18-мартта, ал эми түрк өкмөтү апрелде тынчтык жараяны боюнча жыйын өткөрө тургандыгын жарыялады.

6-январда башталган оогандыктардын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн экинчи этабы, 26-январда Талибандын делегациясы региондун өлкөлөрүн кыдыра баштагандан кийин токтотулган. Сүйлөшүүлөр 22-февралда улантылды, бирок үч жуманын ичинде бир гана жолугушуу өттү.

Ооганстан менен Талибандын сүйлөшүү топтору тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантуу үчүн Катардын борбору Дохага барды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости