www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-мартта жеке ишкер, жаш саясатчылардын бири Айбек Осмонов Жогорку Кеңешке келип эл өкүлдөрүнүн катарынан орун алды.

Возможно, это изображение (2 человека, люди стоят и в помещении)

-Мандаты жок эле, аймактарга мектептерди, бала-бакчаларды, мечиттерди куруп, кайрымдуулук иштерин тынымсыз жасап, көптөгөн жетим балдардын башын сылап келет. Бирок жеңил пиар кылып реклама кылган эмес. Эми болсо мандат алып, элибиз үчүн жакшы мыйзамдарды жазып, Элдин Уулу болуусун дагы да жогорку деңгээлде улантат деп ишенем. Чын жүрөктөн куттуктайм! Мына ушундай менеджер, көрөгөч жигиттерибиз депутат болсо, өнүгүү жолуна тез эле түшөт элек. Жаңы жүздөр, жаңыча көз караштар! Эл үчүн кызмат кылат деп ишенем, - деди Улан Сариев.

Возможно, это изображение (2 человека и люди стоят)

Ага кошумча, Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов: --“Кыргыздын дагы бир чыгаан жигити Жогорку Кеңешке депутат болуп келди. Коомдук жана кайрымдуулук иштерди көп жасаган. Көптөгөн ыймандуу, билимдүү жаштарды тарбиялап жүргөн ийгиликтүү ишкер.

Айбек Осмоновду кичинекей кезинен жакшы билем. Өз мээнети менен ак эмгек кылып өсүп келе жатат. Мечит, медресе, мектеп жана балдар бакчаларын салып аймактарга белек кылган учурларын билебиз. Эми Жогорку Кеңеште да жалпы элдин көйгөйүн көтөрүп, мыкты мыйзамдарды жазат деп ишенем. Чоң ийгиликтерди каалайм. Ушундай таза ыймандуу жаштар дагы да көп келсе коомдо өнүгүү болот эле”, - деди депутат Атазов.

Возможно, это изображение (1 человек, стоит и в помещении)

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости