www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында 11 жаштагы өспүрүм баланы унаа сүзүп кетти. Бирок айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда жергиликтүү басылмалар жазды.

Жабырлануучунун туугандары билдиргендей, кырсык кечээ, 17-январда кечки саат 19:30 чамасында Юнусалиев менен Койбагаров көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Күмүш түстөгү «Тойота Марк 2» унаасынын айдоочусу өспүрүмдү сүзүп кеткенден кийин, баланы унаасына отургузуп, үйүнө чейин жеткирип, чөнтөгүнө 200 сом салып туруп, изин жашырып кеткен.

Өспүрүм ооруканага жаткырылды. Анын ата-энеси окуянын күбөлөрүн 0 (777) 21-19-34 жана 0 (550) 62-30-53 телефон номурлары аркылуу байланышууну суранууда.

Ал Милициянын кайгуул кызматы айдоочу изделип жатканын кабарлады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости