www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл Кумтөр кенинен 17 тоннадан ашуун алтын казуу пландалууда, 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 тоннага көп болот. Бул тууралуу "Кумтөр голд компани" ишканасынын сырткы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк билдирди.

Бөлтүрүк бүгүн, 18-январда өкмөткө отчёт берип, быйылкыга карата пландары менен дагы бөлүшкөн. Анын айтымында, жакынкы келечекте туруктуу өнүктүрүү долбоорлору ишке ашырылат. Анда жогорку сорбациялык активдүүлүктөгү рудаларды кайра иштетүү технологиясын жакшыртуу, алтын ылгоонун көлөмүн көбөйтүү, кенди жер алды менен жана уулуу калдык сактоочу жайды казуу иштерин баштоо каралган.

"Сырткы башкарууга өтүп жаткандагы бир топ кыйынчылыктарга жана Centerra Gold Inc. компаниясынын бут тосууларына карабай "Кумтөр голд компанинин" эмгек жамааты коюлган тапшырмаларды аткара алды. Кумтөр кени үзгүлтүксүз штаттык режимде иштеп жатат. Бардык салыктар менен милдеттүү төлөмдөр өз убагында толук курамда төлөнүүдө", — деди Бөлтүрүк.

Жыйындын соңунда министрлер кабинетинин мүчөлөрү Кумтөрдүн 2021-жылдагы ишмердүүлүгүнө оң баасын беришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости