www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мен 2019-жылы айылдан келгем. Жакшы жумуш таба албай, тааныш эжелер аркылуу бир кечеге барып, Айдай деген кыз менен таанышып калдым. Кийген кийими бир укмуш эле. «Иштейм, сен да кааласаң иште, акысы жакшы» деп калды. «Үйдөн эле отуруп алып иштей беребиз» десе, мага абдан кызык болду. «Ойлоноюн» деп коштошуп кеттим. Иш караштырып, туруктуу иш таба албай, Айдай эженин номери менен байланыштым. Ал дароо эле «келип кал».

Бирок, биз менен чогуу жашайсың, кийим-кечеңди ала кел» деди. Эжем-жездемдер менен турчу элем, аларга айтып, «ишим жакшы экен, фирма экен, бөлмө тазалап койсок болду экен» деп алдап чыктым. Бул «шумдук» деген иши – денебизди сатып иштейт экенбиз. Жашаган квартира укмуш, баары бар десем болот.

Чет жактан келген адамдарды тейлейт экенбиз. Кетип калайын дейм, кыздардын кийген кийими, кармаган акчасы мени кызыктыра баштады. Акыры мени шайтан азгырып, бул ишке кирип кеттим. Эми эртеңки күнүм туман... Жакшы акча, кымбат кийимим болгон менен келечегим туман. Үй-бүлө кура албайм го... Баарын кеч түшүнүп, бармак тиштеп отурам...

Айка

Последние новости