www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина УКМК тарабынан өндүрүлүп жаткан каражаттын эсеп-кысабын ачык көрсөтүүнү талап кылды.

Ошондой эле, ал парламенттин жыйынында жарандарды жана анын арасында эл өкүлүнүн өзүн да соттун чечими же башка жолдор менен алынган акча кайда кетип жатканы кызыктырганын белгиледи.

«УКМК киреше булагын декларациялабаган адамдар менен бюджетти толтуруу саясатын жүргүзүүдө. Акча казыналык аркылуу өтүп бюджетке түшүп жатабы деген суроо жаралат. Ачык көрсөтүлбөгөндүктөн ишенбөөчүлүк пайда болду. Андыктан өкмөттүн же УКМКнын сайтына кимден канча түшкөнүн жана эмнеге жумшалганын жарыялашын сурайм», — деди Карамушкина.

Депутат ачык-айкындуулук болгондон кийин гана бийликке ишеним болорун кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости