www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2016-жылдан тарта, айрыкча 31-августтан бери, Кыргызстанда өтө кооптуу, тарыхка баам салган адамдарга Союуз учурундагы 1937-жылды эске салган жагдай түзүлдү. Конституцияда каралган кат-кабар алышуунун, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграфтык, электрондук жана башка бөлөкчө жолдор менен кабарлашуулардын купуялуугу жөнүндөгү, ар бир адамдын өз пикирин билдирүү, сөз жана басма сөз эркиндигине укугу жөнүндөгү, тынч чогулуш өткөрүү укугу жөнүндөгү, жана башка дагы Баш мыйзамда каралган жарандын укугу жана эркиндиктери тууралуу конституциялык ченемдер деформацияга туш болуп, бийлик позициясына каршы өз пикирин ачык айтып чыккан көптөгөн активдүү жарандар белгисиз мөөнөткө түрмөлөргө камала башташты.

Алардын бирине дагы сүйлөшүүлөрдү, кабарлашууларды тыңшоо мыйзам чегинде, сот актысынын негизинде, тигил же бул себептерден улам жүргүзүлгөндүгү маалымдалган жок. Ошондон улам Бекболот Талгарбеков, Дастан Сарыгулов, Бектур Асанов, Кубаныч Кадыров баш болгон ондогон адамдарды камакка алынуусун мыйзамсыз эсептегендер али күнчө толтура. Булардын ишин жабык сотто кароо, ал жакка журналисттерди коё бербөө сыяктуу ашкере кадамдар көптөгөн кыргызстандыктардын ой-сезиминде бийликтин карамүртөздүгү, чындыктан корккондугу катары бааланып жаткандыгы дагы жашыруун эмес.

“Белгизгейттин” беги сынып, далдырап калган бийлик кайдан-жайдан орусиялык бир шылуунду “казып чыгып”,  анын көрсөтмөсүнүн негизинде Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновду УКМКнын тергөө изоляторуна отургузду.

Мындан беш күн мурда Орусиядан Казакстан аркылуу Кыргызстанга, өз өлкөсүнө, кирген Садыр Жапаровду чек арадан кармап келип Бишкек шаарындагы №1-тергөө изоляторуна камады.

“Ата-Мекен” партиясынын эки азаматы, Жогорку Кеңештин депутаттары Алманбет Шыкмаматов менен Аида Саляновага илдиреген бир иштер менен кылмыш ишин козгошуп, илинчеги ишенимдүү болбогондон улам эч кайда кетпөө жөнүндө тил кат алып тынышты.

Ушуну менен “жезтумшуктарга аңчылык” бүттү, негизги атаандаштарын калың элден бөлүп салып, жүрөгүн өйүгөн коркунучтарды “сокур ичегидей кесип” кесип ыргыткан бийликтин мындан аркы тагдыры казак талаасындай элкин болот деп айта алабызбы? Андай дейли десек, Президент А.Атамбаевдин бүгүнкү жүргүзүп жаткан саясат “сөрөйүнө” ичи чыкмак тургай итатайы тутулуп турган калың элди кайда катабыз? Же  Президент өзү айткандай, чындап эле 78 пайыз кыргызстандыктардын колдоосуна ээ болуп, ошого  эрдемсип баш көтөргөндөрдү четинен баса калууга өттүбү? Жетимиш сегиз пайыз эмес, кыргызстандыктардын деле жети пайызы бүгүн “Атамбаев азамат”- деп айтабы? Президенттин шоопурлары, шыпырлары, жансакчылары, ат кошчулары, ашпоздору жана башка кошоматчыларынын баары бириккенде ошол жети пайызды түзө алар бекен? Ай, ким билет...ким билет...

Анда Президентибиз кимдерге ишенип, кимдердин бал тилине кирип алып Кыргызстанда кыйсыпыр салып жатат? Укук коргоо органдарынабы? КСДПчы И.Өмүркуловго, Р.Момбековго, А.Артыковго же И.Карамушкинагабы? Сот прокурорлоргобу? Деги кимдерге? Же кытай тууганы Анарбек Усупбаевгеби? Туңгуюк турмуш, туңгуюк тагдыр, туңгуюк ойлор... А бакубат турмуш, жаркын тагдыр, орошон ойлор кайда? Мындан жети жыл мурдагы убадалар, сөздөр кайда? Чымчык болуп учуп кеттиби?...

Мен бекеринен “Президент Кыргызстанда кыйсыпыр салып жатат” - деп айтканым жок. Себеби, Кыргызстандын тагдыры биринчи иретте Президентке ишенип тапшырылган. Ал Кыргызстандын дүйнө өлкөлөрүнүн ичиндеги абройун көтөрүүгө, элдин жашоо шартын илгерилетүүгө, эл менен бийликтин биримдигин чыңдоого, башкача айтканда өлкөнүн ички жана тышкы саясатын аныктап, ага багыт берип турууга чакырылган адам.

Акыркы учурларда биз эмени көрүп жатабыз?

Адилет, калыс пикир айткан жалпыга маалымдоо каражаттарына, чындыкты жазган журналисттерге “аңчылык сезонун” Президент өзү ачып берди, кызматтык даражасынан пайдаланып аларды ачык келекелөөгө өттү. Жыйынтыгы көпкө күттүргөн жок. Кыргызстандын тарыхында болуп көрбөгөн өлчөмдөгү доолор коюлган доо арыздар сотторго жаай баштады. “Аңчылыктын” алгачкы карлыгачынын бири Улан Ботобеков деген жигитибиз өлкөдөн чыга качты. Эки жылдан бери “өлбө жаным өлбөлөп” Дайыр Орунбеков деген журналист жигитибиз Президент менен жакалашып, алдырбай келатат.

Бегалы Наргозуев, Замира Садыкова, Нарын Айып сыяктуу белгилүү журналисттерибизди “журналист сөрөй” атыктырган Президентибиз кимдерди чыныгы журналист көрөөр болду экен? Камчысын чапкан жалпыга маалымдоо каражаттарында эптеп бирдеме чүргөп, адилеттик издеген адамдарга борсулдап үрүүгө жарап калган Крыловдун тамсилиндеги “кандектердиби”? Сыягы, биз “слезай Леша, приехали” деген күнгө келип калган окшойбуз.

Өлкө ичинде башталган кайсыпыр тирешүүлөргө күнөөлүү адам биринчи иретте Президент, анан анын союлун сороңдото чапкан соттор, укук коргоо органдары экендигин тана алабызбы? Биз танган күндө да эртеңки тарыхыбыз эмне дээр экен? Ошондуктан, жогорку даражадагы Президент болобу, элет жеринин топурагын ийлеген катардагы дыйкан болобу Кудай алдында дагы, Мыйзам алдында дагы бир эле Адам экендигин унутпай, эл журтубуздун алдында “Алыбек алына жараша” көтөргөн жүгүн бирөөлөргө түртө салбай, абийирдүүлүк менен көтөргөнүбүз оң го дейм.

Менин бул сөзүм Алмаз иниме катуу тийээрин деле билип турам. Бирок, Президентке жакпай калат экен деп калыстыктан тайып кеткеним кандай болоор экен? Сократтын “Платон менин досум, бирок чындык андан жогору турат”- деген сөзүнө түкүрүп салабызбы? Түкүрүп жүрүп деле бүттүк окшойт, Ак үйүнө барсаң деле, Көк үйүнө барсаң деле, Өх үйүнө барсаң деле кошоматтан кокосу жыртылган “бечаралар” отузга жетпей жатып бели түпкүчтөй ийилип калганын көрүп жаныңдан түңүлөсүң. Көчөдөгү карапайым элди көргөндө гана эсиңе келип “уф” дейт экенсиң.

Баса, соттор, укук коргоо органдары демекчи. Кечээки Садыр Жапаровдун окуясынан кийин интернет басылмаларга батпай кеткен кыргызстандыктардын ой-пикирлерин  Президентибиз окуйт болду бекен? Дегеним өйдөкү эле 78 пайызга барып такалып калып жатпайбы.

А.Атамбаевдин атына жазылган мына ошол наалаттар, каргыштар, балит сөгүнүүлөр мага да жаккан жок. Бирок, шибегедей болуп каптан оркоюп чыгып турса канда катабыз?

Канча күндөн бери интернет бетинен түшпөй “УКМКга өзүм барып, суроолоруна жооп берем” – деген С.Жапаровду чек арадан “тосуп” келбей эле, жайына койсо жолугар эли менен жолугуп, ич күптүсүн, бугун, сагынычын чыгарып, бала чакасынын, алган жарынын маңдайынан сүйүп, туугандарына жолугуп, анан келип берет эле го. Максим Горький аксакалдын эстелигин пааналап чогулган миңдеген элди козутпай, жолугаар Жапаровуна жолуктуруп койсо Абдил Сегизбаев баштаган УКМКчылардын, баштаган ИИМчилердин ити үрбөй калат дегенди ким чыгарып отурат? “Обу жок келин орсок уй саайт”- болуп наалаттык баарын Президентке жаадырткан бул экөө кызматтык милдеттерин элди бийликке, бийликти элге жек көргөзүү деп түшүнөбү? Анда аларга “рахмат”, өз “милдеттерин” 180 пайызга аткарып беришти. Орден, сыйлык берүү жагынан кетээр алдыңда өтө берешендигиң ашып-ташып баратты эле, эми ошол эки жигитиңе “Даңк” медалын берип кой. Анан жанакы, ИИМ министринин орунбасары Данияр Абдыкаров дегениңе да “курутуңдан” бирди берүүнү унута көрбө. Митинг, пикеттер учурунда элди бирдеме кылып будамайлап, арыдан-бери тополоң чыгарып жиберүүгө идиректүү жигит окшойт. Болбосо, Таластагы Бакиев бийлигин кулатуу учурундагы “эмгеги” жакшы бааланбай калыптыр. Араң эле бир медаль берип, араң эле министрдин орун басары кылыпсың.

Азил азили менен, бирок анын артында канчалаган кыргыздын көкүрөк көптүргөн арыз-арманы, муң-зары, кайгы-капасы жатканын президент Атамбаев туюп, сезээр бекен? Же, дагы бир “юрист сөрөй, журналист сөрөй” чыгып алып башымды оорутуп баштады” деп кезектеги бир салтанатта бакылдап, адилеттикке, чындыкка күйгөн киши болуп чыга келеби?

Кандай десе андай десин, бирок Кыргызстан үчүн, кыргыз эли үчүн Президент биринчи жооп берүүгө милдеттүү экендигин, ошондуктан ыймансыз соттор, эңшерилген экономика, адам укугун коргоону кордоого айландырган укук коргоо кызматкерлери үчүн Президент тикелей жооп бере тургандыгын унутпаса экен. Анткени, бүгүнкү Кыргызстанда Президенттин ишааратсыз чычкан жорголобогон заман түзүлүп отурат.

Булак: "Алиби"

Последние новости