www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Республика-Ата Журт” партиясынын депутаты Таабалды Тиллаев парламент трибунасынан Кыргызстанда 40 миң пенсионер мамлекеттик кызматта иштеп айлык да, пенсия да алаарын айтты. Ошондой эле пенсия да, айлык да алган 40 миң киши Кыргызстандын бюджети үчүн көптүк кылаарын кошумчалады. 100 миң сомдук айлык алып, ошол эле мезгилде 70-80 миң пенсия алгандар укук коргоо органдарында бар экенин да ырастады. Бул жагдайга пенсияга чыкса да, кызмат ордун эч кимге ыраа көрбөгөн чиновниктер күнөөлүүбү же 65 жашка чейин иштей берсе болот деп жазылып калган мыйзам күнөөлүүбү? Же чоң суммадагы айлыкты ошону менен катар пенсия алганды адатка айлантып алган чиновниктер күнөөлүүбү? Айтор, суроо көп жооп жок.

Бирок, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Атамбаевдин доорунда алган айлыгына ыраазы болуп, персоналдык пенсиясынан баш тарткан Алымбай Султановду айтпасак болбойт. Ал пенсиясынан баш тарткан мезгилде Баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы кызматтын башчысы болчу. “2012-жылы кызматка келгенден кийин Соцфондго персоналдык пенсия боюнча атайын кат менен кайрылып, 2 айлык пенсиямды кайра мамлекетке кайрып төгүп бердим” деген эле.

Ири суммадагы пенсия алган, айлыгы жогорку кызматтагы генералдар пенсиясынан баш тартмак турсун айлыгымдан пенсиям көп деп мактанганын бир канча жолу уккан жайыбыз бар. Эл өкүлү айтмакчы 70-80 миң пенсия да алып, анан чоң кызматтын этегин басып отургандарды айлыгыңды ал же пенсия ал дегенди мыйзамдаштырышыбыз керек. Болбосо, чуурутуп эле чин бере бербей генералдык наамды берүүнү татаалдаштырышыбыз керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости