www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алманбет Шыкмаматовго байланышып, камакка алынган Маевский жана КСДПнын тегерегиндеги чуулгандуу тоголок кат боюнча баарлаштык.

-Алманбет мырза, КСДП президенттик шайлоодо эсепсиз каражаттарды коротконун далилдеген тоголок кат соц тармакка жарыяланды. Барынан кызыгы, Фарид Ниязов ал жердеги маалыматтар чын деп бышыктады. Ишенсек болобу?

-Мен муну Фарид Ниязовдун жана анын кожоюнунун кара өзгөйлүгү жана кыянаттыгы деп түшүнөм. Коомчулукка жарыяланып, чуу жаратып жаткан документтин эч кандай юридикалык баалуулугу жок. Фарид андай шоунун устасы. Каалаган документти жасайт, абийири ошого жол берет. Эгер чын экенин тастыкталса биринчи кезекте Фарид соттолуш керек, штаб жетекчиси катары. Ал эми кандидаттын акча  менен иши да болбой калышы мүмкүн. Шайлоону штаб каржылайт. Демек Фарид акча чогулткан болуп жатпайбы. Ал эми СШ чз ИС деген ал жүз процент Фариддин фейки өзү жазып койгон. Ал жерде башка аттар болушу мүмкүн. Ал аттарды Фарид билет.

-Нурбек Токтакуновдун айтканына ишенсек, президентке импичмент жарыялаш керек экен. Президентке импичмент жарыяланышы  мүмкүнбү?

-Президентке импичмент жарыялаганга  мүмкүн эмес. Анткени, фейк документ импичмент жарыялоого негиз боло албайт.

-Алманбет мырза, акча бердим деп жалаа жапкан Маевский  өзү Москвада камакка алынды. Эми Өмүрбек Чиркешовичти камактан чыгарууга жол ачылабы?

-Маевский эл аралык шылуун. Анын Атамбаевдин тегереги менен тыгыз байланышы бар болчу. Аны менен Сапар Исаков, Абдил Сегизбаевдер көп жолу жолугушкан. Аны кызыл килем төшөп тосуп алып, узатып жүрүшкөн. Текебаевге жалаа жаптырыш үчүн акча да беришкен. Маевскийдин кандай адам экени бүгүн тастыкталып жатат. Ал шылуунга кантип биздин соттор ишенгенине таңгаласың. Адилеттүүлүк орносо Текебаевдин иши кайра каралышы керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости