www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки жылдан бери Президенттин тапшырмасы менен өкмөт региондорду өнүктүрүүгө басым жасап жатканын билебиз. Кудайдын кулагы сүйүнсүн дегендей, анын жыйынтыктары ачык көрүнө баштады. Атай айтсак, былтыркы жылы Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба азыктарынын экспорту 29%га жогорулады.

Бул дыйканчылык менен мал чарбасын жана кайра иштетүүчү ишканаларды каржылоонун натыйжасынан улам болгону айтылууда. Далил катары айта кетсек, Бишкек эркин экономикалык аймагында жайгашкан, атайын лабораториясы антибиотиктердин 36 түрүн аныктаган ишканага заманбап жабдууларды алууга өкмөт менен эл аралык донорлор колдоо көрсөткөн.

Учурда күргүштөй баштаган ишкана 600дөй балчы менен кызматташып, жылына 120 тонна таптаза тоо балын даярдоодо. Басымдуу бөлүгү экспорттолот. Маселен, Кытай, Америка, Япония, Корея жана Сауд Араб өлкөлөрүнө кетет. Бул факты ЕАЭБ мейкиндигинен сырткаркы өлкөлөр айыл чарба азыктарын ири көлөмдө сатып алууга дилгирлигин билдирүүдө.

Баса, айрым учурда Казакстан же Россияда азык-түлүк артка кайтарылды деген маалыматтар тараган учурлар бар. Мындай көйгөй жаралбашы үчүн ишкерлер экспорттогон товарды атайын лабораториядан өткөрүп, сапатка байланыштуу тастыктаманы алышы керек.

Булак: “De-Факто”

 

Последние новости