Чүй облусунда өрт кырсыгынан улам 18 адам каза тапты
Кылмыш жана кырсык  |   |  2387

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун аймагында 2019-жылдын ичинде өрт кырсыктарынан 14 адам куткарылып,  564 млн сомдон ашык материалдык баалуулуктар сакталган. Бул тууралуу маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облустук башкармалыгы билдирди.

2019-жылда облуста жалпы 1176 өрт кырсыгы катталган (2018-жылы 1542). Өрттүн кесепетинен 47 миллион сомдон ашык материалдык чыгым болду (2018-жылы 73 млн сомдон ашык).

Бир жылдагы өрт кырсыктарынан 18 адам каза таап (2018-жылы 27 адам,), 11 адам жаракат алган (2018-жылы 5 адам).

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями