www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаз мезгилинин келиши менен адамзат өзүнө өзгөчө көңүл буруп калат эмес. Мындай учурда бизге жардамга сөзсүз өз ишин билген мыкты кесипкөй инсандар жардамга келет. Бул ирет биз стилист-калорист Айпери Эрматова менен бул жылдагы модалуу чач жасалгалар тууралуу сөз кылмакчыбыз.
- Айпери, сулуулук жаатында эмгектенүү үчүн сөзсүз билим алуу керекпи же тажрыйба эле жетиштүүбү?
- Билим алуу сөзсүз керек. Бирок, көп жылдык тажрыйба да аша чаппайт. Мен билим алып, андан соң көп жыл практика жүзүндө иш алып барып өзүмдү өстүрдүм.
- Кардарларыңдын көпчүлүгү кыргыз элине таанымал жылдыздар экени бизге белгилүү. Айымдар менен мырзаларды тейлөөдө кандай айырмачылыктар бар? Окшоштуктар барбы?
- Өтө чоң айырмачылык бар деп айта албайм. Себеби, айымдардын жана мырзалардын да чач жасалгаларын жасай берем. Болгону чач түзүлүштө, чач жасалгалар гана башкача болот. Ал эми калган техника бирдей эле.
- Кайсы жылдыздар сенин сүйүктүү кардарларыңа айлана алышты?
- Нурлан Насип, Данияр Эрматов, Нурмат Садыров, Аскат Мусабеков, Дайыр Исмадияров, Элзар Сыдыков, Роза Шакирова, Айгүл Чалова, Алмаз Шаадаев ж.б аттарын атасам абдан көп.
- 2017-жылы кандай чач жасалга модада?
- Азыркы тапта өзүңүздөр байкагандай эле кыска кыркылган чач жасалгаларга көңүл буруп жатабыз. Себеби, бул жылы мына ушундай чач жасалгалар модада. Алардын аттарын атай кетсем, мырзалардыкы: креативдүү, айымдардыкы: голливуд чач жасалгаларын айтсак болот.
- Чач жасалгалардын түстөрү тууралуу айта кетсең?
- 2017- жылы ачык түстөгү чач жасалгаларга басым жасашыбыз керек. Мисалы, розовый, фиолетовый, ачык көк, жашыл, сары түстөргө боёп жүрсөңүздөр бул жылдын эң стилдүү адамдарына айлана аласыздар!
Булак: NazarNews.kg