www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шоу-бизнесте атасынын жолун улап, чыгармачылыкта жүргөн Айпери Кубик кызы жыл башынан бери өзүнө кам көрүп, кызуу иштеп жүрөт. Үй-бүлө күтүп, уулду болгонуна карабай, Кыргызстан менен чектелбей чет жерде да гастролдук сапарларга тынымсыз чыгууда. Алдыда да “Тамашоучу” Самат Эркинбеков менен бирге түштүк жергесине концерттик турне менен чыкканы турат. Мындан улам ырчы айымдын күйөрмандары “Айпери ээн-эркин жүрүп калды. Күйөөсү Нарулан менен ажырашып кеттиби?” деген суроолорду социалдык тармактан жаза беришкенинен “Жеке жашоомдо менде баары жакшы. Социалдык тармакка үй-бүлөмдүн сүрөтү менен бөлүшкүм келбейт. Себеби, ал менин жеке жашоом. Кайын журтум, жолдошум ар дайым чыгармачылыгымды колдойт. Уулум Даянчом да чоңоюп калды. Чыгармачылыгымды токтотпой иштешим керек” деп жооп кайтырды. 

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости