www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарындагы Маданият техникумунда быйылкы Ыйман, адеп жана маданият жылына карата китеп жумалыгы өтүп жатат. Бул туурасында аталган окуу жайдын “Иш жүргүзүү, китепкана” бөлүмүнүн башчысы Мукарам Усенбаева билдирди.

Анын айтымында, аталган окуу жайда эки чоң бөлүм бар. Алар “Ккитепкана, иш жүргүзүү” жана “Социалдык-маданий ишмердүүлүктү уюштуруу” бөлүмү. Эл аралык китепкана күнүнө карата окуу жайдын китепкана бөлүмүнүн студенттери арасында “Кесибим - менин сыймыгым” аттуу сынак өткөрүлдү. Эми ушул жума ичинде китеп жумалыгын өткөрүшүүдө.

-Быйылкы жыл “Ыйман, адеп жана маданият” жылы деп жарыялангандыгына байланыштуу, биздин окуу жай бул багытта түрдүү иш-чараларды өткөрүп келет. Бүгүнкү сынакта студенттер жаңы жарык көргөн адабий китептер, ошондой эле унутта калып бара жаткан эски китептер тууралуу кенен айтып беришти. Ошондой эле өздөрүнүн кесибине байланыштуу түрдүү суроолор берилип, ага сынактын катышуучулары жооторун беришти. Мындай иш-чара кечээ күнү да өткөрүлгөн. “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерет” аттуу темада адабий-музыкалык кече өткөрүлүп, анда студенттер музыкалык чыгармаларды аткарышып, адабият тууралуу докладдарды жасашкан. Мындай сынактарды өткөрүүнүн негизги максаты, жаштарды китеп дүйнөсүнө чакыруу  болуп саналат, - дейт ал.

Эскерте кетсек, аталган окуу жайда 167 студентке 32 мугалим билим берип келет.

Булак: "NazarNews.kg"

 

 

Последние новости