www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка президенти Дональд Трампты жубайы Меланиини сыйлабайт деп күнөөлөштү. Бул тууралуу Казакстандын Нур.кз маалымат агенттиги жазып чыкты.

Интернет айдыңында Дональд Трампка кайрадан сын айткан пикирлер жаады. Интернет колдонуучулар бул жолу Америка президентин жубайы Меланииге карата сый эмес мамиле жасап жаткандыгын айтып чыгышты.

Жакында эле Америка президентинин учактан түшүп бара жаткан сүрөттөрү алардын көңүл чордонунда калган. Ал сүрөттөрдөн Дональд Трамптын жубайы Меланиини күтпөй эле кол булгалап тосуп турган элди көздөй бат-баттан басып түшүп келе жатканын көрсө болот.

Сындагандар Америка президенттеринин өз жубайларына кылган мамилелерин салыштырышты. Дональд Трампка караганда Барак Обама менен Рональд Рейган эл алдында жубайларына жеткиликтүү сый мамиле жасагандарын айтышкан.

«Эркек менен аял тепкичтен түшүп келе жатканда мырза дайыма бир кадам алдыга басыш керек. Логика боюнча, эгер айым кокустан кулап кете турган болсо анда мырза аны кулатпай кармап калганга мүмкүнчүлүгү бар».

Дональд Трамп жубайынан бир эмес, эки кадам да эмес бир нече тепкич алдыга баратканын бул сүрөттөрдөн байкаса болот. Барак Обама менен Рональд Рейган учактын тепкичинен дайыма жубайлары менен бир тепкичте кошо түшүшчү. Бул, алардын чыныгы түгөйлөр экенин жана да ар дайым бирге кадам таштаганын көрсөтүп турат.

«Дональд Трамптын бул жоругу өлкөнүн биринчи айымын сыйлабагандык деп кароого болот» - деди жүрүм турум боюнча эксперт Жаклин Уитмор.

Элейн Свонн болсо сын жагынан кесиптешинен артта калбады: «Өмүрлүк жубайы траптан түшө электе эле күйөөсү тосуп алуучуларды көздөй жүгүргөнү бул туура эмес. Ал жубайын күтүш керек болчу. Мырзадай болуп жубайын күтүп, колунан кармап, акыркы тепкичтерден түшүүгө жардам кылышы керек эле. Биринчи кезекте ал жубайынын күйөөсү, анан кийин президент. Мырзалык жактан караганда майда көрүнгөнү менен үй-бүлөгө ушундай мамилелер абдан керек» - деп сөзүн толуктады Свонн.

Булак: Нур.кз

Которгон: Алтынай Арстанбекова

Последние новости