www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарына караштуу, Алмалык айылындагы ФАПтын имараты начар абалда. Имаратта олтуруп иштөөгө мүмкүн эмес. Мындан улам үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун адистер калкты үйлөрүнө барып кароого аргасыз болуп жатышат. Бул тууралуу “Ынтымакка” аймактын үй-бүлөлүк акушери Адалат Кудайарова билдирген.
“Имаратыбызда адамдарды кабыл алууга мүмкүн болбой калды. Ичи ным тартып, иштеген адамга деле зыянын тийгизет. Тургундарды болсо үйлөрүнө кыдырып карап чыгабыз. Дары-дармек сактоого да мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан бирөө ооруп калса дароо шаарга жиберүүгө аргасыз болуп жатабыз”,- деп билдирген Кудайарова.
“Шарт болсо дары-дармектерди алып келип сактаса болот. Жаан жаагандан бери ичине кирүүгө болбой калды. Анткени сел кирүүчү эшигинен бери тосуп калды. Буга чейин имаратты оңдоо боюнча жергиликтүү бийликке кайрылышкан экен. Бирок абал дагы деле ошол боюнча”, - деди дагы бир кызматкери Динара Садиржан кызы.
Эске сала кетсек, эскилиги жеткен эски ФАПта эки кызматкер иштейт. Алар телефон байланышы аркылуу сыркоологон адамдардын абалынан кабар алып турушат. Жалпысынан Алмалыкта жалпы 126 кожолук жашайт.
Булак: "Ынтымак"