www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жылдын 1-январынан 30-декабрга чейин мөөнөтү өтүп кеткен паспорттордун жана чет элдик жарандардын, жарандыгы жок жактардын каттоо мөөнөтү убактылуу узартылды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Кыргызстандын жарандарын, чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок жактардын мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо максатында, ошондой эле калктын саламаттыгын сактоо, республиканын аймагына коронавирус инфекциясынын жайылышын болтурбоо жана киргизилишин алдын алуу боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуу үчүн 19-майдан Өкмөттүн №256 токтому менен төмөнкү документтердин жарактуу мөөнөтүн убактылуу узартууга уруксат берилди:

--жарактуу мөөнөтү ушул жылдын 1-январынан 30-декабрына чейинки мезгилде өтүп кеткен, 2004-жылкы үлгүдөгү Кыргыз жаранынын паспорту (эски үлгүдөгү ID-карта) жана чет жакта жүргөн жарандар үчүн 2006-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорт ушул жылдын 31-декабрына чейин жарактуу деп табылат;

--Кыргызстандын аймагында каттоо мөөнөтүн узартууну каалаган чет элдик жарандар жана жарандыгы жок жактар Өзгөчө кырдаал жана/же Өзгөчө абал режимдери алынган күндөн тартын 10 иш күнүнүн ичинде каттоосун узартышы зарыл;

--Билим берүү жана илим министрлигине бүтүрүүчүлөрдө ID-картасы жок болгон учурда орто (толук) билим берүү тууралуу күбөлүктөрүн жана аттестаттарын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрүнүн негизинде берүүнү камсыздоо боюнча чараларды кабыл алуу тапшырылды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын аймагында азыр дагы өзгөчө кырдаал режими жана айрым жерлерде карантиндик режим күчүндө турат. Буга байланыштуу COVID-19 вирусунун жайылуу тобокелчиликтерин минималдаштыруу жана КТБларда, паспорттук бөлүмдөрдө адамдардын топтолушун болтурбоо максатында, жарактуу мөөнөтү өтүп кеткен паспортторду жана чет элдик жарандарды жана жарандыгы жок жактарды каттоону узартуу чечими кабыл алынды. Мында каттоонун мөөнөтү өтүп кеткендиги үчүн айыптар көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин чегерилбейт.

Булак: NazarNews.org

Последние новости