www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020 - жылдын 18 - майында социалдык тармактарда Түп районунун Михайловка айлында жылкылар ылаңдап, өлүп жаткандыгы боюнча маалымат тараган. Бул боюнча Түп райондук ветеринардык башкармалыктын ветеринардык инспекторлору жана жергиликтүү бийликтин адистери менен биргеликте иликтөө жүргүзүп, Михайловка айылы боюнча жалпы 690 баш жылкы катталган, азыркы учурда айылда 160 баш жылкы  багылууда, калганы жайкы жайлоого чыгарылган.

Социалдык тармактагы видеодо Михайловка айылынын тургуну Б. Асыкбаевга таандык  жылкы болгон.

2020 – жылдын 19-май күнү ылаңдаган жана ылаңдап айыкккан 4 баш жылкыдан патматериалдар алынып республикалык ветеринардык лабораторияга жиберилип, жыйынтыгында жылкылардын ринопневмония ыланы аныкталган. Мамлекеттик ветеринардык инспекциясы тарабынан 20-майдан баштап Михайловка айылына чектөө киргизилип,  короо, сарайлар дезинфекцияланып, ринопневмонияга каршы эмдөө иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары социалдык тармактарда көк айгыр ылаңдап, жыгылып жана сойгондо ичеги карындары канталап, көк боору чонойгондогу боюнча дагы бир видео тараган. Бул боюнча иликтөө жүргүзүлүп, бул көк айгыр Түп районунун жылкысы эместиги жана жылкыдан эч кандай жугуштуу ылаңдын белгилери аныкталган эмес. Мал ээсинин билдирүүсү боюнча жылкы тоюттан ууланып, ичеги карындары канталап өлгөндүгү аныкталды.

Бүгүнкү күнгө, жылкылардын арасынан ыландаган же ыланга шектүү малдар катталган жок, жалпы республика боюнча эпизоотиялык абал туруктуу.

Жылкылардын ринопневониясы - жылкылардын курч өтүүчү жугуштуу ылаңы. Ылаң калтыратма, коньюнктивит, дем алуу жолдорунун катаралдуу сезгенүүсү, бооз малдар капысынан кулун салышы менен мүнөздөлөт.

Эпизоотологиясы.

Табигый шарттарда ринопневмония менен жашына, тукумуна, жынысына карабастан жылкы, эшек, качыр ылаңдайт. Таза кандуу жылкылар жана жаш мал (1 жашка чейинки) тезирээк ыландайт. Бодо, кой – эчки, чочко ылаңдабайт, кишиге ылаң жукпайт. Инфекциянын козгогучунун булагы болуп ылаңдаган мал эсептелет. Вирус алардын канында, жогорку дем алуу жолдорунда, жыныс органдаранда, ичтен түшкөн күмөндө, каканак челдеринде өсүп өнүгөт. Ылаңдын пайда болушуна жана таралышына жылкыларды көзөмөлсүз башка чарбалардан алып келүү, начар шартта багуу, сапатсыз тоюттарды берүү, өтө кыйнап эксплуатациялоо ж.б түрткү берет.

 Булак: NazarNews.org

Последние новости