www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Ош облустук сотунун судьяларын жана Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясын мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши берген арыздарына ылайык Ош облустук сотунун судьялары Шамшиев Абдрасул Абдрахмановичтин жана Матраимов Назымбек Турдалиевичтин өз каалоолору менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго сунуш киргизген.

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясы судьянын кынтыксыздыгы боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Чоткараев Эрнис Устабаевичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго сунуш киргизген.

Мамлекет башчысы бул сунуштарды карап чыгып, Ош облустук сотунун судьялары Шамшиев Абдрасул Абдрахмановичтин, Матраимов Назымбек Турдалиевичтин жана Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Чоткараев Эрнис Устабаевичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости