www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Апа, апаке! Мен бүгүн кубиктерден үй курдум! Өзүм жасадым! Дагы мен боткону да жедим! Наташа кыздарчасынан ыйлады, а мен баарын жеп салдым! Идиштин түбү көрүнүп калды тимеле! Татьяна Ивановна мени азаматсың деп мактады!
– Апаке! Муну мен сен үчүн тарттым! Жагабы сага? Бул күн, а бул жерде өлөң чөп, а мынакей машина, карачы, чоңойгондо, менде ушундай болот да! Сага жагабы?
– Апа, апаке! Бул сага! Азыр бул жерге стол койсок абдан сонун болот! Мугалим эжейдики ансыз деле көп, мен сага алып келдим, бардыгы мага күлсө да мен сага алып келдим!
– Апа, атамды мектепке чакырып атат. Директорго. Мушташтым. Юрка болсо:”Сенин апаңды эч ким көргөн эмес, а менин апам эң сулуу” – дейт, а мен аны тумшука соктум. Себеби ал келесоо.
– Апаке, мен бүгүн беш алдым! Биринчи жолу! Текшеруу иштен! Бирок математика эжей баары бир мени мурдатан окубагандыгым учун акмаксын деди. А меники чындыгында оң келбей жатты да. А бүгүн оң келди!
– Апа, эртеңкиге атамды дагы мектепке чакыртышты. Эки алдым. Сочинениеден. Мугалим эжей сен көчүрдүң дейт, а мен өзүм жазгам ! Өзүм! Дагы мени жалганчы деди. Ошентип атамды чакыртты. Анан, мен бугун Юрканы тумшука соктум. Наташканы ыйлатканы үчүн тумшука соктум, дагы ыйлатпасын деп. Ал өзү, албетте кежир кыз го, бирок аянычтуу ыйлады да…
– Апа, мен бир азга, мен кетишим керек. Киного барам бүгүн. Кыз менен. Наташка менен, ооба. Ал эми бир аз кежир го… Бирок мейли, кеттим, макулбу?
– Апаке, мен эми студентмин! Сен эңсегендей юридикага тапшырдым, адвокаттыкка, мага атам айтты. Негедир ал акыркы кездерде таптакыр жаман болуп кетти. Дагы иче баштады. Бирок бул эч нерсе деле эмес, өтүп кетет.
– Апа, кечир, көпкө чейин келе албадым. Убакыт эч нерсеге жетпей жатат. Окуу, иш. Наташка такыр өзүңдү аябайсын дейт. Бирок бул эч нерсе эмес, жакында баары түптөлөт. Ал дагы окуп, иштеп атат. Үйдө да бардык ишти жасайт. Атамды да карайт. Ал эми такыр эле баспай калды
. – Апаке! Мен уулдуу боломун! Уул!!! Элестетесиңби?! Декабрга барат дешти, азырынча баары жайында. Наташка да бактылуу, тим эле жайнайт! Укмуштай сулуу!
– Кечээги түнү Наташканы тез жардам менен алып кетишти. Мен өзүм алып баргым келген, бирок машинам от албай койду. Ал жакта дээрлик бир сутка отурдум. Жакын адамыңдын жаны кыйналганда жардам бере албасаң кандай оор нерсе. Ошондогу алсыздык курутат
. – Апа, кандайсын?. Мынакей акыры сага жеттим. Айтчы, эмне үчүн сүйүктүү адамдар арабыздан эрте кетет? Неге? Эмне үчүн мунун баары менин башыма түштү ? Эмнеден жаздым? Сен, атам, Наташка. Менин силерден башка эч кимим эч качан болгон эмес! Эмне үчүн жашайм эми мен? Ким үчүн…
-Апа! Төрөт үйүнөн чалышты! Максимка эми жашайт! Мен аны Максимка деп атадым! Алар адашыптыр, а мен келесоо анда трубканы ыргыткам аягына чейин укпай, ойлогом баары бутту деп…
Бул деген сенин колдогонун да э? Атам дагы, Наташка да! Рахмат силерге менин бир боорлорум!
– Бүгүн Максимкага апасы кайда экенин көрсөтүүнү чечтим. Ыңгайлуу сөздөрдү тандоого көпкө аракет кылдым. Бирок ал өзү эле баарын түшүндү. Элестетсен, беш жашар бала!
Наташага да белек алып келдим. Мен билбепмин, тиги алып келди негизи. Сүрөт. Күн, өлөн чөп жана машина. Мен сага бергендей, эсиңдеби?
Котормо А.Апызаков
Булак: "oshpirim.kg"