www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айткан сөзүнөн айныган Абдыкадыров

Гезитибиздин өткөн санында белгилүү режиссёр Нурлан Абдыкадыровдун маегин жарыялаганбыз. Кабарчыбыз аны какатып жатып, кыргыз киносундагы жана Кино департаменттеги коррупциянын анча-мынча, чет бучкагын айттыргандай болгон. Ал сактанып, Бектеналиевдин атын баса белгилеп айтпастан, "аны, анын ишин баары билет, президенттик аппараттын башчысы Эсеналиев да жакшы билет. Бирок чара көрбөй жатат" деп айткан. Анын маеги толугу менен камерага тартылып алынган.

Бирок ошого карабастан, Абдыкадыров гезит чыккандан кийин кайсы бир гезитке чуркап барып: "Мен М. Бектеналиевди коррупционер деп айткан эмесмин" - деп айтып, биздин журналистке айткан өз сөзүн өзү четке кагыптыр.

Кызык экен, ошол 20 мүнөткө созулган видео-маеги "Чагылган" сайтында илинип турат. Ошону жакшылап угуп албайбы десең. Буга чейин ал Бектеналиевге каршы чыгып, мамлекеттен киного деп бөлүнгөн каражатты жалаң таластык жердеш режиссёрлорго бөлүп берип жатат деп, баарын эсептеп ал тургай ийне-жибине чейин чийилген схема түзүп чыккандардын бири.

Анан эми эле Бектеналиевге жагынгандай болуп, анын алдында "бүк" түшүп жатканы кандай? Же Бектеналиев, жазган сценарийлериңдин бирине акча берем деп колун ушалатып койгонбу? Чынында Бектеналиевдин "коррупциясын" билбеген адам жок. Аны режиссёрлордун 70-80 пайызы ачык эле айтып жүрүшөт. Кошомат кылып, андан киносуна акча алып келген гана

аирым режиссёрлор ага сын айта алышпайт. Болбосо, ЖК депутаты Садык Шернияз, Маданият министри Жамангулов дагы жердеши Бектеналиевдин кандай ботко чалып, жыргап жатканын эң сонун билишет. Болгону ачык айтышпайт, калкалашат, жашырышат. Чындыкты чыркырап айта алышпай, өз абийирлерине камчы урган эр-азаматтарга ишенген элибиздин да шору аз эмес эй. Маданиятка күйөт деген адамдар минтип айткан сөзүн танып, эчак "бокочо" болуп бүткөндөрдүн алдында жалтактап турганы кантип жакшы болсун.

Булак: Багыт гезити

Последние новости