www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Политехтин «балын соруп» өскөн Акылбек Жапаров деген депутат бар, малга паспорт бербесем асынып өлөм деп жүрчү, жакында курсташын айыл чарба министри кылыптыр. Эми бул министрлик «чапкан аттай» эле кетет деп жүрсөк, накта былыктары чыкты. Айыл чарба министрлигинин атка минерлери менен тил табышып алган кылмышкерлер тобу эл аралык тийиштүү документтерди жасап, ЕАЭСке кирбеген Өзбекстан, Тажикстан сыяктуу мамлекеттерден шектүү айыл чарба продукцияларын сатып келип турган. Ал товарларга документти Кыргызстандыкы деп жасашып ЕАЭСке кирген мамлекеттерге салыктар төлөнбөстөн жөнөтүлүп турган.  ЕАЭСке кирбеген мамлекеттерде бири-бирине кээ товарларга салык төлөнбөйт. Кыргызстандыкы дешип мамлекеттин имиджин түшүрө турган айыл чарба продукцияларын жөнөтүп турган. Булар күнүгө 100 миң сомдук жасалма 15- 20 пакеттерди сатып турушкан. Ар бир пакеттин баасы 5 миң сом болгон.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости