www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Дональд Трамп 6-сентябрда Truth Social социалдык тармагына «The Moon is ours» — «Ай биздики» деген жазуусу бар Айдын сүрөтүн жарыялады. Бул билдирүү президенттин бир катар посттору жарыяланган учурга туш келди. Анда Трамп АКШнын Нью-Мексико штатын «Жаңы Америка» деп кайра атоону сунуштап, географиялык объектилердин аталыштарын өзгөртүү маселесин дагы бир жолу көтөргөн.
Трамп Айдын сүрөтүн АКШнын желеги менен кошо жарыялаган. Айрым басылмалар ошол күнү жарыяланган сүрөттөрдүн көбү жасалма интеллекттин жардамы менен түзүлгөнүнө көңүл бурушкан.
Ошол эле учурда Трамптын бул билдирүүсүнөн АКШ Айга карата эгемендигин жарыялоо боюнча кандайдыр бир расмий чечим кабыл алганы тууралуу тыянак чыгарууга негиз жок.
