www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кабардино-Балкариядагы Безенги капчыгайында кар көчкү түшүп, 11 адам каза болуп, дагы алты адам жаракат алды. Бул тууралуу ТАСС билдирди.
6-сентябрда кар көчкү 33 альпинисттен турган топту басып калган. Такталган маалымат боюнча, 10 адам өз алдынча ылдый түшүп кеткен. Жабыркагандар ооруканага жеткирилди. Дагы алты альпинисттин тагдыры азырынча белгисиз.
Издөө-куткаруу иштери уланууда. Ага 50дөн ашык куткаруучу тартылган. Иштерге татаал рельеф жана кар көчкүнүн дагы түшүү коркунучу тоскоол болууда.
Кабардино-Балкариянын прокуратурасы окуя боюнча текшерүү жүргүзүп жатат. Тергөө комитети шалаакылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.