www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 3-мартта Ала-Букада болгон жол кырсыгынын чоо-жайын билдирди. Маалыматка ылайык, кырсык саат 16:30да болгон.
Ар кандай жаракат алган жабырлануучулар Ала-Бука аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылып, аларга тез арада жардам көрсөтүлгөн.
Жабыркагандар: 50 жаштагы жергиликтүү тургун, кырсык болгон учурда ал үч жашар баласын колунда кармап турган, ал эми жанында он беш жаштагы кызы болгон. Маалыматка ылайык, аларга - баш мээси чайкалып, оң бөйрөктүн жабыркашы, макрогематурия деген диагноз коюлган.
Тико унаасынын айдоочусу 1939-жылы туулган жергиликтүү тургун болуп чыкты. Кырсык боюнча иликтөө иштери башталды. Анализдин жыйынтыгына ылайык, кырсык болгон учурда айдоочу мас эмес болгон.
Булак: NazarNews.kg