www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ошто опузалап акча талап кылган 25 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман тоо милиция бөлүмүнө Ош шаарынын 25 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, анда белгисиз аял анын сүрөттөрүнө жагымсыз жана анын намысына, жүрүм-турумуна шек келтирген сөздөр менен кошуп интернетке чыгарамын деп курулай доомат коюп телефон же анын баасын акчалай талап кылып жаткандыгын билдирген. Ал аял эгерде «Айфон 14 про макс» үлгүсүндөгү телефонду алып берсе, интернетке чыгарбай тургандыгын айткан.
Сулайман тоо милиция бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан 9-сентябрда шектүү жаран тарабынан жабырлануучудан 60 миӊ сом акча алып жаткан учурда кармалды. Ал коншу мамлекеттин жараны, Ош шаарында убактылуу жашап турган 1998-жылы туулган Ш.И. аттуу аял экендиги аныкталды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 11-сентябрда Ош шаардык соту тарабынан 2 ай абакта кармоо боюнча чечим чыгарылды.
Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg