www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Башканы коюп, Манасты айт...
Менин личкама чыгып, Ренат аттуу жардамчысынын телефонун жазып, КР мамкатчысы Сүйүнбек Касманбетов кайрылыптыр. Чакырыптыр. Бардым. Жолуктум, узаакка баарлаштык. Кеңсесиндеги столунда, арткы бөлмөсүндөгү журналдык столунда, иши кылып баардык жерлерде кабат-кабат койулган китептер көздүн жоосун алып, аруулап, арбайт. Болгондо да, көптөгөн белгилүү жана белгисиз авторлордун чыгармалары. Мен алардын айрымдарын карап чыктым. Сүйүнбек мырза “Меке мени күтүп жаткандарды кое берейин. Аңгыча, бул жакта шашылбай чай ичип туруңуз!” – дегенинен пайдаланып, столдун үстүндө жайнаган, жаңы чыккан авторлордун китептерин барактадым.
- “Эмне иш менен Сүйүнбек иним чакырдың эле? Мен сени, айрым учурда, катуу сындап келем. Өзгөчө Манасты, демек кыргыздын улуктугун, уйюткуттугун, ыйыктыгын, бийиктигин эң сонун сармердентип айтып келип эле, аягында, Кыргыздын Рух азык, Жаназык, Күл азыгын арабдын динине бастырып, багынтып, Куранды дастан Манастан дагы бийик койгонуңа нааразы болуп келемин” – дедим.
- Эми байке, чынын айтсам, мен толук кандуу Манасты бийик тутуп колдоймун. А бир ак, канча жылдар бою биздин ата-бабалар исламдын дагы улутубузга жакын жактарын карманып, мусулман аталып келгенибиз дагы, биздин кечеки таарыхыбыз да – дейт.
- Аның туура. А бир ак, сенин атаң Сапарбек дагы манасчы, санжырачы. Кыргыздын нарк-насил, үрп-адат, каада-салтын ыйык туткан. Ал эми, тактап айтсак, Манастын доору, ислам дини жаралганга чейин эле, бир нече миң жылдар мурун жаралганын карт тарых талдап, тастыктап турбайбы. Туурабы? Манасты бекеринен улук акылман жазуучу Ашым Жакыпбеков “Тэңири Манас!” деп кереметтүү китебинде атабаган. Аял заттан чыккан пайгамбарга тете ойчул окумуштуу теософ Елена Блаватская дагы “МАНАС – Высший Вселенский Разум!” – деп жазган.
Анан эле биз эмнеге семит элдери ойлоп таап, адамзатка ар кандай амал жана кандуу жолдор аркылуу таңуулап келген ислам динин өзүбүздүн дили - дитибизден, тилибизден бийик коюшубуз керек? Адамзат таарыхы ачык айкын көрсөтүп тургандай, дал ошол ислам дининдеги мамлекеттерде кылымдар бою басылбаган согуш, дал ушул диндин талаш тартышынан болуп келе жаткандары, анан жалганбы? Ислам динин арабдар ачык-айкын бизнеске айлантып алгандары да, эмне жалганбы? Отуз эки жылдагы аралыкта, кыргыз жерин каптаган сансыз миңдеген мечиттерден жана менчик медреселерден кыргыздар эмне жакшылык табышты? Кыргыздын оюна келбеген бачабаздык, педофилдик, ашынган аңгиликтин жыйынтыгында эки бир туугандардын балдары үйлөнүшүп, атүгүл, өз кыздарын катынындай пайдаланган аталар кайдан чыгышты? Андыктан, Сүйүнбек иним мамкатчы катары, сен ислам динин кыргыздын наркынан, салтынан, дили, дитинен бийик койгонго акың жок – деп ойумду бетине дагы бир жолу кайталадым.
Сүйүнбек иним менин сынымды, пикиримди туура кабыл алды. Тескерисинче, мени мактап, жактады. Узаарымда бир сонун өзгөчө МАНАС дастан китебине, ал зор Жыйнакты чогулткан манасчы санжырачы Медер Мергенбаев экен, ошого: “Меке! Сөз өнөрүн аздектеген, өрнөктүү калемгер Инсансыз! Урматымдасыз! – деп, бажырайта колун коюп, жардамчысына “Байкеңди үйүнө жеткирип кой! – деп тапшырды. Мен дагы, үйүмө келгенде, Сүйүнбек мамкатчы мырзага өзүмдүн жазган китептеримден каалоо тилектеримди жазып, жардамчысы Ренат аркалуу берип жибердим.
Сүйүнбек мырзанын сынга чычалап, кек сактабаган, адилеттүү айкөлдүгүнө ыраазы болдум. Өзгөчө...
Өзгөчө, ал быйылкы жазда, жалпы жумурай журттун аймактарында, мектептердин арасында окуучуларды жарыштырып, дастан МАНАС айтуу эстафетасын жайылтканы, эмне деген зор салым! Жан дүйнөлөрү жабыркап жарданып турган жаштарды сенектик сезимден ойготуп, Ар Намыстарын козголтуп койгону, бул чооң Эрдик экени анык!
Эми, жаңы окуу жылы башталды. Ошол жазгы МАНАС айтуу эстафетаны, мектептерде кана эмес, жогорку окуу жайларда дагы улантылса, абдан жакшы болмок эле. Жеңүүчүлөргө кызыктыруу ирээтинде Грамота, Диплом, акчалай сыйлыктарын бирге тапшырып.
Урматтуу мекенчил кеменгер иним Сүйүнбек! Эми, сен атыңа затың жарашып, мектептерге кара жамынып барган балакай кыздардын алтын балалыгын кайрып бер! Алардын кабат-кабат кара жоолуктарын баштарынан алдырып салсаң, жалпы жумурай журтту сүйүндүрүп, ишеним үмүттү кайрып, кубандырат элең! Ишиңе ийигилик".
Мелис Арыпбек, журналист
Булак: NazarNews.kg