www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты.

Тыныбекова Дүйнө биринчилигине 62 кг чейинки салмактык категориясында 1/16 финалдан тарта катышууда. Кыргыз балбаны польшалык жана молдовалык эки атаандашынын тең далысын жерге басып, таза жеңиш менен чейрек финалга өттү.

Чейрек финалда кыргыз балбаны 2:2 эсебинде украиналык Ирина Коляденкону сапаты боюнча жеңип, турнирдин жарым финалына чыкты. Ал эми финалга чыгуу үчүн күрөштө кыргызстандык спортчунун атаандашы германиялык Луиза Ниемеш болмокчу.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/16 финалдык баскычтан баштаган.

Биринчи кармашта дүйнөнүн эки жолку чемпиону Польшадан келген спортчуну да далысын жерге таза басып, мөөнөтүнөн мурда жеңип алган. 

Ал эми чемпионаттын 1/8 финалында Молдованын спортчусу Мариана Чердивараны 49 секунд ичинде жеңип алган. Тактап айтканда, кыргызстандык балбан атаандашынын далысын жерге таза басып, мөөнөтүнөн мурда уткан.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости