www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда армияга жаңы чакырылган жоокерлерди мазактаган чач жасалгаларга байланыштуу Чек ара кызматынын кенже сержанты беш жылга эркинен ажыратылды.
Мындай чечимди Хожент горнизонунун аскердик соту 18-сентябрда кабыл алып, 29 жаштагы Мухриддин Исломовду "Кызмат абалын кыянат пайдалануу, ыйгарым укуктарынан аша чабуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты.

Быйыл 15-июнда социалдык түйүндөргө "Жоокерлердин башына түшүрүлгөн Конибодом районунун аталышы" деген тема менен аскерлердин сүрөтү жарыяланган. Анда тогуз жоокердин башына чач алуучу машинка менен "К", "О", "Н", "И", "Б", "О", "Д", "О", "М" тамгалары жазылган.

Сот өкүмүнө ылайык, сүрөт 2022-жылы январда УКМКнын Чек ара башкармалыгынын Исфарадагы аскердик бөлүгүндө тартылган. Жоокерлердин чачын алган кенже сержант Мухриддин Исмоилов уставдык эрежелерди бузуп, алардын төбөсүнө Согд облусундагы Конибодом районунун аталышындагы тамгаларды түшүргөн.

Соттогу акыркы сөзүндө Исломов "кылганына өкүнүп жатканын" билдирди. Адвокат Исломовго берилген мүнөздөмөлөр жакшы экенин айтып, соттон ишти жабууну өтүнгөн.

Быйыл апрелде да интернетке жаш жоокерлердин катуу сабалып жатканы тартылган видео жарыяланган. Анда тажик тилинде сүйлөгөн аскер кийимчен адамдар казармада тизилген жоокерлерди башка-көзгө койгулап, таяк менен сабап жатканын көрүүгө болот.

Бул видео тажикстандык соцтүйүн колдонуучуларынын арасында кызуу талкуу жаратып, көпчүлүгү тажик бийлигин күнөөлүүлөрдү тезинен аныктап, жоопко тартууга чакырышкан.

Видеого байланыштуу Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Тергөөнүн жүрүшүндө тасма 2022-жылдын аягында УКМКнын Канибадам шаарындагы аскердик бөлүгүндө тартылганы аныкталган. Бир айдан кийин Тажикстандын Жогорку сотунун Аскердик коллегиясы аталган аскердик бөлүктө кызмат өтөгөн бир офицерди жана жети жоокерди 11 жылга чейинки мөөнөттөргө эрктеринен ажыраткан.

Тажик өкмөтүнүн БУУнун Адам укуктары комитетине жөнөткөн баяндамасында 2019-2021-жылдары өлкөдө 100дөн ашуу жоокер армиядагы "чоңсунуудан" улам каза тапканы айтылган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости