www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айсулуу Тыныбекова Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын 1/8 финалында Молдованын спортчусу Мариана Чердивараны 49 секунд ичинде жеңип алды. Тактап айтканда, кыргызстандык балбан атаандашынын далысын жерге таза басып, мөөнөтүнөн мурда утту.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/16 финалдык баскычтан баштаган.

Биринчи кармашта дүйнөнүн эки жолку чемпиону Польшадан келген спортчуну да далысын жерге таза басып, мөөнөтүнөн мурда жеңип алды. 

Белгилей кетсек, Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун төртүнчү күндүк беттештери болууда.

Муну менен Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпиондугунун 1/4 финалына чыкты.

Булак: NazarNews.kg 

 

 

Последние новости