www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бычактан алган жаракатынан ооруканага түшкөн Сокулук районунун Селекция айылынын 1987-жылы туулган Н.А. аттуу тургунунун абалы тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги төмөндөгүлөрдү билдирет.

"Бүгүн, саат 11:00дө Улуттук госпиталга жалпы дарыгерлик практика борборунан которуу жолу менен бейтап жаткырылган. Диагнозу: беттин жана моюндун кесилген жаралары.

Саат 11:30да хирургдардын жана микрохирургдардын катышуусунда бейтапка операция жасала баштаган. Учурда операция уланууда, дарыгерлер жабырлануучунун органдарын сактап калуу үчүн бардык аракеттерди көрүүдө. Оорулуунун операциядан кийинки абалы боюнча кошумча маалымат берилет", - деп айтылат анда.

Эске салсак, бүгүн, 20-сентябрда Сокулук районунун Селекция айылындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 39 жаштагы күйөөсү 36 жаштагы аялынын кулагын, мурдун кескилеген. Буга чейин деле үй-бүлөлүк зомбулук болуп келген. Шектүү мурда соттолгон. 

Аталган факт Сокулук районунун ички иштер бөлүмүндө катталып, Кыргыз республикасынын КЖКнын 130-беренеси (денеге оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.

Бул окуя боюнча кылмышка шектүү болуп 1984-жылы туулган Э.А. аттуу жаран кармалып, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости