www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Быйыл август айында Ысык-Көлдүн Бостери айылында киши колдуу болгон Бекбол Аманкуловдун өлүмү боюнча дайындалган экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, Бекбол Аманкуловдун өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн Ысык-Көлдө жана Таласта соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда Таластагы экспертизанын жыйынтыгы даяр болгон, ал эми Ысык-Көлдүкү чыга элек.
Облустук милициядан билдиришкендей, Таластагы экспертиза Бекбол Аманкулов мээсине кан куюлгандан каза болгонун көрсөткөн. Бирок облустук милиция экспертизанын жыйынтыгында «Бекбол Аманкуловдун мээсине кан куюлушу кандайдыр бир ур-соккудан болгону тууралуу айтылганбы» деген суроого так жооп айткан жок. Ишти иликтеген тергөөчүлөр, тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу калган маалыматты берген эмес.
Эскерте кетсек, Бекбол Аманкулов быйыл 6-августка караган түнү каза болгон. 6-августта маркумдун агасы жана достору Бекбол Аманкулов ур-токмоктон көз жумганын, милиция иниси талма оорусу кармап каза болгонун айтып жатканын, алар ишти жаап коеюн деп жатабы деген күмөн саноосун билдирген. Ошондой эле Ысык-Көлдөгү соттук-медициналык экспертиза бюросунун кызматкерлери маркумдун денесинде жаракаттар жок экенин айтып жатканы айтылган.
14-августта ИИМ Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө шектелип 4 адам кармалганын кабарлаган. Алардын үчөө — мурда соттолгондор.
ИИМдин маалыматы боюнча, аталган ишти иликтөө учурунда 100 адам сурамжылоого алынып, алардын ичинен 44 киши күбө катары көрсөтмө берген. Алардын арасынан айрым күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жалган болуп чыккан. Жалган көрсөтмө берген күбөлөрдүн иш-аракетине укуктук баа берилери айтылган.
Кийинчерээк Ички иликтөө кызматы милиция кызматкерлеринин үстүнөн териштирүү иштерин баштаганы кабарланган.
Көп өтпөй Бекбол Аманкуловдун өлүмү боюнча кылмышты жаап-жашырууга шектелип ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 3 кызматкери, андан соң дагы 2 кызматкери кармалып, камака алынган.
Булак: NazarNews.kg