www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунда экстремизмге шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери социалдык тармактарда мониторинг жүргүзгөн учурда Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний-экстремисттик материалдарды тараткан жаран аныкталып, алынган материалдар соттук-эксперттик кызматынын корутундусуна ылайык диний экстремисттик уюмдарга таандык экендиги тастыкталып, Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу ) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде 2003-жылы туулган Х.М. кармалып, камакка алынды.

Азыркы учурда тиешелүү социалдык тармактар менен жана аларга катталган жарандар боюнча тергөө-оперативдик иш-чаралар улантылууда.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости