www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарындын Калмак-Ашуусунан изделип жаткан белоруссиялык Д.М. аттуу жаран куткаруучулар тарабынан аман-эсен табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-сентябрда Нарын облусунун Кочкор районунда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун болжол менен 275-чакырымында (Калмак-Ашуу ашуусу) “МАН” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа ашуудан чыга албай, жолду тосуп калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Ошол күнү саат 23:15те ыкчам түрдө жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кочкор райондук №42 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылган. Бирок куткаруучулар жерине жеткен учурда токтоп турган унаанын айдоочусу жок болуп чыккан.
Унаанын ээсин издөө иши тынымсыз уланып, аны издөөгө иш боюнча учуп жүргөн ӨКМдин тик учагы бийиктиктен издөөгө жардамга келген.
Натыйжада бүгүн, 20-сентябрда саат 11:00 чамасында Соң-Көл жайлоосунан табылган. Жарандын абалы канааттандырарлык.
Учурда куткаруучулар ашууда калган жүк ташуучу унаанын бузулган тетигин оңдоого жардам берүүдө.
Булак: NazarNews.kg