www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бардык ыйык китептер, анын ичинде Куран вандализмден укуктук коргоого татыктуу. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясынын жалпы дебаттарында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

«Биз Башкы катчынын Тынчтык үчүн жаңы күн тартибин кубаттайбыз. Бул стратегиялык документ дүйнөдөгү ишеним вакуумуна жана күчөп бараткан кастыкка каршы турушу керек», — деди Казакстандын президенти.

Ал белгилегендей, 2024-жылы өтө турган Келечек саммитинде Казакстан Келечек келишимин кабыл алууда конструктивдүү жана колдоочу роль ойнойт.

«Бирок тынчтыкты издөө куралга тыюу салуу же декларацияга кол коюу гана эмес. Тынчтык маданиятын калыптандырууда диндер жана конфессиялар аралык диалог негизги ролду ойнойт. Ошондуктан биз акыркы кездеги ыйык китептерди терең урматтабаган аракеттерге тынчсызданып жатабыз. Исламга же башка динге каршы мындай жапайы иштерди эркиндиктин, сөз эркиндигинин жана демократиянын көрүнүшү катары кабыл алууга болбойт. Бардык ыйык китептер, анын ичинде Куран да вандализмден укуктук коргоого татыктуу», - дейт Касым-Жомарт Токаев.

Буга чейин Казакстан БУУнун Башкы ассамблеясынын ыйык китептерди мазактоого каршы резолюциясынын демилгечилеринин бири болгон.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости