www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айткан сөзү менен кылган иши төп келбеген Маматалиев

Билими, интеллектуалдык деңгээли бар, сүйлөгөнү орундуу, көтөргөн маселелери жүйөлүү Жогору Кеңештеги  санаалуу депутаттардын бири "Ынтымак" фракциясынын лидери Марлен Маматалиев саясатта жаш болсо да кыйла такшалып, өз ордун таап калды.

Бирок, жакшы баратып эле чалынып кетет. Элибиздин мүдүрүлбөс туяк болбойт дегени ырас окшойт. Дегенибиз, Марлен мырза жакында эле онлайн казино, букмекердик оюндарына тыюу салууну айтып чыкты. Негизи абдан туура, колдоого арзыйт.

Кептин баары, сөз менен жасалган иш бирдей чыкпаса, кооз сөздөн пайда жок болуп жатканында. Андыктан, Марлен мырзанын онлайн казинолорду жабуу, тыюу салуу боюнча көтөргөн маселеси күндүн күрөө тамыры болгон менен, өзү учурунда казинолорду ачуу мыйзамын колдоп бергени эки жүздүүлүк болуп жатпайбы.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости