www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө коррупцияга каршы аракеттенүүгө багытталган айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Эми мыйзамга кабыл алынса коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн соттолгондор мамлекеттик кызматтарда иштей албай турган болот.
Демилгечи депутаттардын айтымында мыйзамдын максаты мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштардын алдын алууга багытталган.
Ага ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн соттолгон жактын соттолгондугу мыйзам менен белгиленген тартипте жоюлгандыгына же жоюлбагандыгына карабай, аким, шаардын мэри, айыл өкмөттүн башчысы, жергиликтүү кеӊештин депутаты, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкер боло албастыгы жөнүндөгү ченем киргизүү сунушталып жатат.
Булак: NazarNews.kg