www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айыл чарба министрлигин жоюп салган пайдалуу...

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңиш Токторбаев бир сотых жери жок, бир сотых жерге тамеки, пахта, буудай сыяктуу эч нерсе экпеген, же бир жылкысы жок, жөн гана статистика чогултуп, казынадан миллиарддаган акча коротуп отурган Айыл чарба министрлигин жоюп салган туура болоорун айтып чыкты. 

Чындыгында, эл өкүлү айткан маселенин жөнү бар. Айыл чарба министрлигинен пайда көрүп жыргап жаткан дыйканды, же чабанды таппайсың. Тескерисинче, дыйкандарга, мал чарбасына бөлүнгөн гранд, кредит дегендин дайны чыкпай калган учурлар көп. 

Мына 25 миллиардга чукул сом айыл чарбасын көтөрүүгө бөлүнгөнү эчен ирээт айтылды. Каражат кайда кетти эч ким билбейт. Бир миллиард сомго жер семирткич алышып, анын мөөнөтү өтүп кетип жараксыз болуп калып, бюджетке ири өлчөмдө зыян келди. Жоопкерчилик тарткан жан киши болгон жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости