www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-сентябрдан тарта айыл өкмөттөрүнүн, облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана райондук мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин эмгек акысы 50 пайызга көбөйтүлдү.

Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлү Мыктыбек Өмүрзаков билдирди.

Анын маалыматына караганда, эмгек акы коэффициенти төмөн кызматкерлерге мындан тышкары ай сайын 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм берилет.

Буга чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине иштин татаалдыгына жараша 10 пайызга чейин үстөк акы төлөнүп келген.

Ошол эле учурда 15 миң сомдук компенсация эмгек өргүүсүнө чыккан учурда жана пенсиялык төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбайт.

Последние новости