www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бийликтин айыл өкмөттөрүн ирилештирип, бири-бирине кошуп, санын кыскарткан реформасы учурда Нарын облусунда жүрүп жатат. Эгер бул долбоор ийгиликтүү ишке ашса, башка облустарда да улантылат.
Арийне, бийликтин бул саясатынын түпкү максаты жакшы. Айыл өкмөттөрдүн санын азайтуу аркылуу өлкө бюджетине миллиондогон сом эконом кылса болот.
Тилекке каршы, бул ишти аягына чыгарбай, коюлган тапшырманы так аткара алышпай орто жолдон жергиликтүү бийлик органдары күм-жам кыла тургандай болуп калышты.
Дегенибиз, реформаны түшүнбөй жатышабы, же атайын жасап жатышабы, кыскасы жайыт, жерлерди туура бөлүштүрө албай талаш-тартыш, келишпестик жарала баштады.
Айыл өкмөттөрдү кошулушунан улам айыл тургундарынын ортосундагы жайыттан талаштан чыр чыгып жатат. Бул реформага тоскоолдуктарды жарата турган көйгөй.
Буга Жумгалдагы абал күбө. Жайыт чырынан улам жергиликтүү эл президентке чейин кайрылуу жасап отурат. Тиешелүү бийлик органдарынын өкүлдөрү бир айылдын колдонгон жайытын башка айылга өткөрүп берүү аркылуу атайын собатаж кылып жаткандай туюлат. Мындай реформа элди кагыштырып, чабыштырганга жетет. Ойлончу маселе.
Булак:NazarNews.kg