www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айрым блогерлер аша чаап, мамлекеттик органдардын ишине тоскоолдук кылып жатат. Бул тууралуу депутат Балбак Түлөбаев бүгүн, 3-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү буга бүгүн 40 миң доллар пара алууга шектелип кармалган блогерди мисал келтирди. Ошол эле учурда ал блогерлердин укугун ЖМКдан бөлүп, аларга өзүнчө жоопкерчилик киргизүүнү сунуштады.

"Президентти баш кылып көрүнгөндү жамандап келген, анан минтип бүгүн пара менен кармалды. Милицияны блогерлер алып барып текшертип жатат. Бул эмне деген жакшылык, кандай кылабыз? Баарын дебейин, айрымдары мамлекеттик органдарга кирип алып "мен блогермин" деп ит-акмагын чыгарып, иштетпей жатат. Өкмөт менен бир чечимге келишибиз керек. Убакыт келди, ээнбаш, ичи арам блогерлерди бөлүп, бир тартипке келтиришибиз зарыл", — деди депутат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости