www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кыздары кыйын кыргыздын» деген сөз бекеринен айтылбагандыгын каарманым кыргыздын жөнөкөй үй-бүлөсүндө тарбияланган, стюардесса кызматын аркалап алыскы Кувейт мамлекетинде кызмат кылган Айзада Сарыбаева далилдей алды десем жаңылбастырмын. Анда кеп башынан болсун...
-- Айзада айым, океандын ары жагынан бизге салам жолдоп жатканыңызга ыраазычылык билдиребиз. Келиңиз кеп башынан болсун, алгач окурмандар менен таанышып алалы. Кыргызстандын кайсы жеринде туулуп, өскөнсүз?
-- Нарын областына караштуу Нарын районунун Дөбөл айылында туулуп, өскөм. Карапайым, дыйканчылык менен алектенген үй-бүлөнүн кызымын, 4 бир туугандын экинчисимин. Окуучулук күндөрүм, бала чагым боз топурак чаң жолдуу Дөбөл айылында өттү. Ошол эле элеттеги Ө.Токтосунов атындагы орто мектебинен билим алгам. Айылым тууралуу айта берсем сөз бүтпөйт. Өзгөчө мектебимдеги мугалимдериме чексиз алкыш айтам. Дүйнөнү таанытып, көзүбүздү ачкан дал ошол мектептин мугалимдери десем жаңылышпайм. Азыр да айылыма барганда агай-эжелерим тынбай жолугуп турам.
-- Стюардесса болууну бардык эле кыздар кыялданса керек. Мисалы мен деле бала кезде аябай кызыкчумун. Кантип бул кесипти аркалап калдыңыз?
-- Мен бала кезимде деле кыялданган эмесмин. Орто мектепти аяктаган соң Бишкекке келип, № 98 байланыш жана маалымат технологиялары кесиптик лицейине тапшырып, почта кызматы боюнча билим алып, андан соң Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университетин сырттан окуу бөлүмүн аяктадым. Студент кезде котормо компанияларынын биринде иштеп калдым. Ага чейин да чет жакка чыксамбы деп ар кайсы фирмаларды караштырып жүрчүмүн. Бир күнү Араб борборуна барып калып, резюмемди таштагам. Алар мени сүйлөшүүгө чакырышты, Кудай жалгап өтүп кеттим да 2012-жылы Кувейт мамлекетине кетип калдым. Кувейтке барып алгач дүкөндө иштедим. Кыргыз эли негизи тың калк болот эмеспи, Кувейтте авиакомпанияда иштеген кыргыз эжелер менен таанышып калдым. Алар бизди аракет кылып тапшырып көргүлө деген кеңешин беришти. Мени менен барган 2 кыз болуп үчөөбүз Кувейт авиакомпаниясына анкеталарыбызды жөнөттүк. Алар да бизди интервьюга чакырып, ийгиликтүү өтүп кетип, 7 жыл иштедим. Ошентип бактылуу кокустук менен келип калып 3 ай коопсуздук, тейлөө эрежелерин окуп, экзамен тапшырып, учуп баштадык.
-- Негизи стюардессалардын баары сулуу келишет го, кандай талаптары бар экен?
Негизи ар бир авиакомпаниянын талаптары ар башка. Бирок баары биринчиден бойго карашат. Бою 1метр, 62 сантиметрден жогору болушу керек, арык болуусу шарт, эң негизгиси англис тилин жана башка көп тилди билгени аябай жакшы, денеде ар кандай татуировка сыяктуу нерселер болбошу керек анан албетте өң-келбетке өзгөчө көңүл бурушат.
-- Нарындын кызы килейген Кувейт, Америка мамлекеттерин багындырып жүргөнү мени сыймыктандырды. Бир көргөн адамга стюардессалардын иши аябай жеңилдей сезилиши мүмкүн. Бирок оор жагы да бар да...
-- Албетте авиацияда иштөө графиги бир калыпта эмес, бир күнү түн учасың, бир күнү түн учасың, ар өлкөнүн сааты ар башка болот. Убакыттын айырмасы болгондо организм аябай кыйналып калат, ошол үчүн ден-соолугу чың болушу керек. Мындан сырткары эң башкысы психологиялык жактан стресске туруктуу болушуң керек. Себеби ар кандай адамдарды тейлөөгө туура келет, түрдүү кырдаалдар болот.
-- Азыр Америкада экенсиз, ал жакта да иштейсизби?
-- Мурда авиацияда жүргөндө кошмо шаттарга көп эле жолу келип жүрдүм эле. Нью-Йоркту көп кыдырып, билип калгам дегендей. Бул жакта досторум чакырып, азыр саякаттап жүрөм.
-- Стюардессалар карьерасын канча жашында жыйынтыкташат? Эгер убагы келип жыйынтыктасаңыз, кийинки кадамдарыңыз кайсы тармакка болот?
Азия өлкөлөрүндө 32 жашка чейин гана жумушка кабыл алышат. 32 жашка чейин авиацияга кирип алгандар бир топ куракка чейин иштеп, жетекчилик кызматына көтөрүлсө болот. Ал эми Батыш өлкөлөрүндө болосо өмүр бою тандалган карьера катары эсептелинет. Бул жакта 50-60 жаштагылар деле иштеп жүрө беришет. Менин мындан аркы пландарым турмушка чыгып, үй-бүлө күтүп, мээримдүү эне болуу.
Сизге чексиз бакыт каалайбыз, кайда жүрсөңүз да ден-соолугуңуз бекем болуп, кыргыз элин даңазалап жүрө бериңиз.
Маектешкен Нуркыз Рыскул кызы
Булак: NazarNews.kg