www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оштогу Ак-Буура дарыясына агып каза болгон 18 жаштагы бүтүрүүчү сүрөткө түшөм деп жатып, сууга кулап кеткен. Бул тууралуу Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

"Маркум Мады айылынын тургуну болгон. Быйыл Макаренко атындагы мектепти аяктагандыгы айтылды. Кырсык болгон күнү Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылы тарапка барып, Ак-Буура дарыясынын жээгинде сүрөткө түшүп жаткан учурда кокусунан сууга кулап түшкөн.

Куткаруучулар сууну токтотуп издешкен. Сөөк 100 метр аралыкка чейин агып барып, такалып туруп калган. Туугандары соттук-медициналык экспертизадан баш тартышты", - деди Аширбаев.

Белгилеп кетчү жагдай, окуяны Кара-Суу райондук милиция бөлүмү кокустук катары каттаган.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости