www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Руслан Казакбаев мектептерде Дин таануу жана Манас таануу сабагын киргизүү кечигип жатканын бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
“Дин таануу маселеси бизде эле эмес, көп өлкөлөрдүн мектептин программаларына киргизүү талкууланып келет. Көптөгөн өлкөлөрдө киргизилип калды. Бизде ушул талаш-тартыш маселе болду эле. Дин таануу сабагын киргизүү керек. Ошону менен кошо Кыргызстанда Манас таануу сабагын да киргизүү зарыл деп окуу китептери да дайын болгон. Дин таануу, Манас таануу боюнча залкар жазуучуларыбыз жазып, өзүнүн окуу китептерин Билим берүү министрлигине сунуштаган. Азыркы убакта мектептерде бул сабактар окутулуп жатабы?”, – деп сурады депутат.
“Манас таануу сабагы жогорку окуу жайларында киргизилген. Ал эми мектептик программага болсо кыргыз тили, адабияты, тарых жана тиешелүү сабактардын бардыгынын ичине стандартка, программага ылайык киргизилди. Ошондой эле Дин маданиятынын тарыхы боюнча окуу китептер даяр болсо, окуу планына киргизүү мерчемделүүдө”, – деп билдирди Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова.
Казакбаевдин айтымында, бул сабактарды киргизүү азыркы учурда кечиктирилип жаткандыктан, дин маселеси коомдо көп талкууланууда. Балдар жана кыздар бойго жеткенден кийин гана динди окуп, таанып жатат. Негизи динди мектептерде тааныштыруу зарыл эле.
Булак: NazarNews.kg