www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ администрациясы Орусия менен кагылышууну көздөбөйт жана Украинага аскерлерин жөнөтүүгө ниеттенбейт, деп президент Жо Байден ачык айтты. Бул тууралуу АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби 11-октябрда билдирди.
"Биз Орусия менен кагылышууну көздөбөйбүз жана президент Жо Байден муну ачык айтты" деди Кирби пресс-брифингде. Ошол эле маалда Ак үйдүн өкүлү АКШ администрациясы мурдагыдай эле Украинага америкалык аскерлерди жиберүүнү көздөбөй турганын ырастады.
“Бул маселе боюнча биздин позициябыз өзгөргөн жок... Эч ким бул чыр-чатактын өзөктүк чен-өлчөмгө өтүшүн каалабайт жана биз буга эч кандай негиз көрбөй жатабыз”,-деп кошумчалады Ак үйдүн өкүлү.
Кирби мындай өнүгүү бардык тараптар үчүн, анын ичинде Орусиянын өзү үчүн да кырсыкка алып келерин баса белгиледи.
Булак: NazarNews.kg