www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
11-октябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы 14 мамлекетти Адам укуктары кеңешине мүчө кылып шайлады. Кыргызстанды колдоп 126 өлкө добуш берди.
Адам укуктары кеңешине 47 мамлекет мүчө, алар түздөн түз жана Башкы ассамблеяда жашыруун добуш берүү аркылуу тандалат. Бул жолу беш чөлкөмдүк топ 17 талапкер көрсөткөн. Азия жана Тынч океаны чөлкөмүнөн төрт орун үчүн алты мамлекет Кыргызстан, Ооганстан, Бангладеш, Вьетнам, Мальдив, Корея Республикасы ат салышты.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 20-сентябрда Нью-Йоркто Башкы ассамблеяда сүйлөгөн сөзүндө дүйнөлүк коомчулукту Кыргызстандын талапкерлигин колдоого үндөгөн.
Булак: NazarNews.kg