www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратура Коррупция фактысы боюнча Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин бөлүм башчысын жана директордун мурдагы орун басарын кармады. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Көзөмөл органынын маалыматы боюнча, шектүүлөр 2018-2019-жылдары чарба жүргүзүүчү субъекттердин өкүлдөрү менен сүйлөшүп алышкан.

Башкы прокуратурада белгиленгендей, «Калдыктардын коркунучтуу классынын категорияларын аныктоочу реагенттер боюнча тастыктоочу документтер жана маалыматтар жок болгон учурда мыйзамдын талаптарына каршы, калдыктардын коркунучтуу классынын эң төмөнкү категориясын мыйзамсыз белгилөө жана наркын төмөндөтүү жолу менен айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөм, алтын казуучу айрым ишканалардын туура эмес нормативдик-техникалык документтери бекитилген.

Натыйжада мамлекетке 100 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

6-октябрда Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы тарабынан кылмышка шектүү катары министрликтин Мамлекеттик экологиялык экспертиза башкармалыгынын начальниги С.Б.С. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун мурдагы орун басары Р.А.А. кармалган.

Аларга КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) боюнча айып тагылып, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган. Учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости