www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

30 жылдан бери келе жаткан элге жек көрүнгөн шумурай жүздөрдүн арасына Айбек Жунушалиев катарга кошулуп тизмеден орун алды. Бишкек шаарына мэр болуп келип, кетмен күрөк кармабаганы бул жакта турсун, үн, сөзсүз кайра кызматтан кетти. 

Кызыгы бактысы тоодой болгон, томпойгон Айбек мырзанын өзү күчтүүбү же чөнтөгүбү, айтор азыркы бийлик келгенде Ак үй тарапка кайрадан бет алып, кызматка киришти. Эми ал жакын арада үлкөн кызматка дайындалат экен деген сөздөр социалдык тармакта тарады. 

Белгилүү журналист, Тынчтыкбек Алтымышев: - "Эч бир ишти жыргатпай, чабалдыгы көрүнүп турса дагы чүйлүк болуп калганы үчүн "удобный" кадрга айланып, ар кайсы кызматтарда чөп башылап келе жатат. Эми дагы бир чоң секирикке даярдашууда", - деп жазып чыкты. 

А баса, бизге жеткен маалыматтарга караганда айдан түшкөн Айбек Жунушалиев мыйзамды бузуп, бир түндө өзүнө мамлекеттик сыйлыкты чыгартып алган. Мына сага "баатырдык". КР президенти Садыр Жапаров өзүнө сак болбосо мындайлар колтуктан кирип, оңой эле бут жактан чыгып кетет. 

Калган Жунушалиевдин кызыктарын жакынкы аралыкта жарыя кылабыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости