www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жылдыз айылынын тургуну Индира Бейшенованын мыкаачылык менен сабалышы боюнча ишти кароодо зордуктоо фактысы да тастыкталды. Бул тууралуу журналисттерге адвокат Камил Рузиев билдирди.
Анын айтымында, жабырлануучу шектүү тарабынан психологиялык кыйноо фактысы боюнча Стамбул протоколун толтурган. Кылмышка шектүүнү кошумча «Кыйноо» беренеси менен айыптоо боюнча Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө арыз жөнөтүлгөн. Ал ошондой эле зордуктоо жана денеге оор залал келтирүү боюнча айыпталды. Шектүү жаран учурда Каракол СИЗО-3 абагында жана күнөөсүн мойнуна албай жатат.
Эскерте кетсек, буга чейин Индира Бейшенова 25-июль күнү мурда коңшулук мамиледе болгон айылдашы мас абалында ага кол салып, сабап, зордуктаганын билдирген. Жабырлануучу милицияга арыз жазып, шектүү камакка алынган. Бирок райондук сот аны үй камагына чыгарган.
Кийинчерээк айыпталуучуну үй камагына чыгарган Ак-Суу райондук сотунун судьясы Абдисалам Мойдунов өз каалоосу менен соттук ыйгарым укуктарды тапшыруу боюнча арыз жазган.
Булак: NazarNews.kg