www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак-Талаа районунда бир нече жаранды алдап, ири өлчөмдө материалдык зыян келтирүүгө шектелген адам кармалды.

Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ак-Талаа РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 1982-жылы туулган, Ош облусунун тургуну Н.У. кармалган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүү 2025-жылы Ак-Талаа районунда бир нече жарандын ишенимине кирип, ар кандай шылтоолор менен алардын акча каражаттарын жана мал-мүлкүн алдоо жолу менен ээлеп алган.

Узак мөөнөттүү ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында ал 2026-жылдын 7-августунда Жалал-Абад облусунун аймагынан Ак-Талаа РИИБдин кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад ОИИБ жана Аксы РИИБдин тиешелүү кызматкерлери менен биргеликте кармалган.

Аталган фактылар боюнча Ак-Талаа РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен өзүнчө кылмыш иштери козголуп, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө.

Учурда шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыш фактыларына тиешеси бар-жогу аныкталууда.

ИИМ жогорудагы жарандан жабыркаган адамдар болсо, Ак-Талаа РИИБине кайрылып, тиешелүү маалымат берүүгө чакырат.

Последние новости